Акыркы макалалар

Кыздар лицейинде «Алтын күз» майрамы белгиленди

Өткөн жумада З.Нурматова атындагы Жалал-Абад кыздар лицейинин башталгыч класстарында «Алтын күз» майрамы салтанаттуу майрамдалды. Майрамга 1-5-класстар активдүү катышып, жер-жемиштердин, мөмө-жемиштердин көргөзмөсүн уюштуруп, концерттик программа тартуулашты. Балдар түрдүү оюн көрсөтүп, кыздар күз перисинин саркеч кийимдерин кийип чыгышты. Окуучулардын колу менен тартылган сүрөттөргө, плакаттарга, жер-жемиштерден, мөмөлөрдөн жасалган композицияларга жана кыздар кийген күз перисинин кийимдерине конкурс жарыяланып, жеңүүчүлөргө грамоталар берилди. Балдардын эмгектери көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. Лицейдин мүдүрү А.Ш.Султанмуратов окуучулардын, ата-энелердин эмгектерин жогору баалап, аларга ыраазычылык билдирди жана эң жакшы деңгээлде даярданган 4-класстын жамаатына ата-энелерди балдары менен кубанычка бөлөп, бир кой белекке берди.

АЙЗАДА КАСЫМБАЕВА

Сүрөт: Жалал-Абад кыздар лицейи