Акыркы макалалар

Шевченконун жаңы салмак категориясы боюнча каршылашы аныкталды

Шевченконун жаңы салмак категориясы боюнча каршылашы аныкталды

Ата мекендик спортчунун эң жеңил салмак категориясы боюнча беттеши келерки жылдын февраль айында болот

UFC уюмунун чемпиондук титулунун экс-талапкери Валентина Шевченко эң жеңил салмак боюнча биринчи беттешин бразилиялык Присцила Кечоейра менен өткөрөт.

Бул беттеш тууралуу бүгүн UFC уюму расмий жарыялады.

​Эки мушкердин беттеши келерки жылдын 3-февралында UFC Fight Night 125 турниринин алкагында Белемеде (Бразилия) өтөт.

Присцила Кечоейра жергиликтүү сегиз турнирге катышып, бардыгында жеңишке жетишкен. Ал эми UFC турнирине биринчи ирет катышканы жатат. Кечоейра уюмдун октагонуна биринчи ирет 1-декабрда эле чыгышы керек болчу, бирок виза көйгөйүнөн улам Лас-Вегаска бара албай калган. Ал Лорен Мерфи менен күч сынашмак.

Шевченко буга чейин жеңил салмак категориясында (61 килограммга чейин) беттешип, үч жолу жеңип, эки жолу жеңилген. Ал чемпион Аманда Нуньеске жеңилгенден кийин эң жеңил салмакка (57 килограммга чейин) өтө турганын жарыялаган.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg