Акыркы макалалар

Салык планын толтуруу санаасы

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

Мамлекеттик салык кызматы тогуз айдын жыйынтыгы менен, салыктар жана төлөмдөр боюнча маалымат берди. Аталган мекемеден алынган маалыматка караганда тогуз ай аралгында жалпы 27 млрд. 157,8 млн. сом салык чогултулган. Бирок, салыкчыларды түйшөлткөн маселе – жылдын жыйынтыгы менен болжонгон план 3 млрд. сомго жетпей калуу коркунучу.

Жыл башында бекитилген планга ылайык, мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылы 40 млрд. 500 млн. сом чогултушу керек. Тогуз айдын планы 99 пайызга аткарылганы менен, алдыдагы үч ай аралыгында дагы 13 млрд. сом жыйналышы керек. Башкы салыкчы Исхак Масалиевдин айтымында, жыл соңуна дейре бул каражат топтолбой калышы ыктымал.

“Алдыдагы бул планды аткаруу кыйын. Анткени, дүйнөлүк рынокто алтындын бир унциясынын баасы 1300 долларга чейин түшүп кеткендиктен, бир миллиард доллар жоготтук. Ал эми “Кумтөр” ишканасы менен товарды сатуу негизинде гана эсептешебиз. Ошондуктан 1 млрд. сомго кем болот”,-деди И.Масалиев.

Пландын толбой калышынын себебин каржы министри Ольга Лаврова салыкчылардын ишинин чабалдыгы менен байланыштырды. Анын айтымында, мамлекеттик казынага бир миллиард сом жетпей, бюджеттин киреше бөлүгү кыйын абалда турат.

“Мындан улам чыгашаны 1 миллиард сомго кыскартууга туура келет. Ички дүң өндүрүмдүн көлөмү тогуз айда 9,2 пайызга өстү. Мына ошол ыргакка жараша салык чогултуу иши аксап жатат. Биздин анализ боюнча январь айынан сентябрга чейин кээ бир райондук инспекциялар бир нече айлык киреше боюнча планды аткарган эмес”,-деп билдирди О.Лаврова.

Буга жооп катары И.Масалиев бул көрүнүш Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда болгонун айтып, аталган район толугу менен “Кумтөр” ишканасына көз каранды экенин билдирди. “Бул райондо “Кумтөр” ишканасы райондогу жумушчулардын киреше салыгын төлөйт. Кармалып калып, кийинки айга жылдарган учурлар болду”,-деди башкы салыкчы.

Ал ортодо Экономика министри Темир Сариев өлкөдө 300 миңге жакын ишкана болсо, алардын миңге жетпегени гана салык төлөөрүн айтып чыкты. “300 ишкананын болгону 550сү гана бюджеттин киреше бөлүгүнүн 85 пайызын жабат. Ал эми калгандары 15 пайыз гана төлөп, көп учурда патент системасы иштейт. Патент болсо жарыбаган эле акчаны түзөт”,-деди министр. Ал эми салык кызматы болсо көпчүлүк ишканалар каттоодо турганы менен, иш жүзүндө токтоп турганын жүйө келтирди.

Жардам суроо мажирөөлүкпү же аргасыздыкпы?

Жакында кыргыз өкмөтүнүн Бишкек эркин экономикалык аймак жетекчилигинен өкмөт үйүндөгү килемдерди жаңылоо үчүн демөөрчүлүк кылуу сунушу менен кайрылган каты коомчулуктун сынына кабылды. Айрымдар мамлекеттик чиновниктердин минтип бизнес чөйрөсүнөн жардам суроосу мажирөөлүктүн белгиси деп сыпаттаса, бир даары экономикасы чабал өлкөдө мыйзам ченемдүү көрүнүш деп баалашты. Биздин басылма “Жардам суроо мажирөөлүкпү же аргасыздыкпы?” деген суроонун айланасында окурмандардын ой пикирин топтоду.

Руслан Акматбек, Жаш ишкерлер бирлигинин жетекчиси:

- Өкмөттүн мындай жол менен бизнестен жардам суроосу, же болбосо демөөрчүлүк кылууну талап кылуусу - бул бийликтин бизнеске формалдуу эмес түрдө кийлигиши. Бирок, бул Кыргызстандын шартында мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Өкмөттүн бул кадамынан кийин биз өлкөбүздүн бардык аймактарындагы ишкерлер арасында сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө алардын дээрлик баарында демөөрчүлүк кылуу сунушу менен кайрылгандар болуптур. Бизнести мажбурлоо эмес, ыктыярдуу түрдө жардам бергенге шыктандыруу керек.

Назгүл Насиева, “Сен жалгыз эмессиң” коомдук өнүктүрүү фондунун жетекчиси:

- Өкмөттүн жардам берүү сунушу менен кат жолдоого акысы жок. Бул үчүн мыйзам алдында жооп берип калышы ыктымал. Тилекке каршы, бизде мыйзам рычагдары иштебей, бул көрүнүш өнөкөткө айланып бара жатат. Бийликтин бул кадамын мектептеги окуучулар арасындагы рэкетчилик менен барабар десе болот. Же болбосо мыйзамдагы уурулардын аракетине тең.

Асан Гайыпов, Ош шаарынын тургуну:

- Мамлекеттин минтип жардам суроосун мажирөөлүк деп сыпаттаса болот. Себеби ар бир мекеме жылдын башында өзүнүн бюджетин кабыл алышат. Ошого ылайык иштерди алып барат, мисалы, канцелярдык товар жана башка буюмдарды сатып алышат. Ал эми вице-премьер-министрдин жолдогон каты жосунсуз көрүнүш болду.

Суроо узаткан: НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

25/10/2013