Акыркы макалалар

Айсулуу Тыныбековага эл аралык «Алтын мангуст» ордени ыйгарылды

Айсулуу Тыныбековага эл аралык «Алтын мангуст» ордени ыйгарылды

Тогузунчу жолу өтүп жаткан сыйлык тапшыруу салтанаты Украинанын Одесса шаарында болуп өттү. Анда Айсулуу Тыныбековага дене тарбия жана спорттун өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы үчүн «Алтын мангуст» атайын ордени ыйгарылды.

Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы 7 мелдешке катышкан жана 3 алтын 3 күмүш 1 медаль жеңип алган.

Эске сала кетсек, «Алтын мангуст» сыйлыгы 2009-жылы негизделген жана Украина аймагында өткөрүлүп келген. Сыйлык 2012-жылдан тартып эл аралык макамга ээ болгон. Андан бери бул сыйлыкка 80 ашык спортчу, машыктыруучу, бизнесмен, саясатчылар жана мамлекеттик ишмерлер сыйланган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg