Акыркы макалалар

С.Исаков Жууку капчыгайындагы бактарды кыюуну токтотууну тапшырды

С.Исаков Жууку капчыгайындагы бактарды кыюуну токтотууну тапшырды

Премьер-министр Сапар Исаков ыкчам тартипте Ысык-Көл облусунун Жууку капчыгайындагы токой кыюуну токтотуп, мындан ары ага тыюу салууну, мыйзам бузуучуларга карата катаал чараларды көрүүнү тапшырды. Бул боюнча ал Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жана Ысык-Көл облусундагы өкмөт өкүлүнө тапшырма бергенин өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ал эми укук коргоо органдарына бактарды мыйзамсыз кыюуга тийиштиги бар жактарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле, премьер-министр башка корук аймактардагы бактарды кыюу фактылары тууралуу маалымат боюнча текшерүү жана комплекстүү иликтөө жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайы биосфералык аймак макамына ээ, анын жаратылышы өзгөчө коргоодо турат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg