Акыркы макалалар

Стамбулда кыргызстандык окуучу акыл жарышында 2-орун алды

Стамбулда кыргызстандык окуучу акыл жарышында 2-орун алды

Түркиянын Стамбул шаарында 25-26-ноябрь күндөрү өткөн дүйнөлүк «Мемориад» олимпиадасында кыргызстандык окуучу Байэл Рахымбеков 2-орунду багындырды. Ал эми дагы бир окуучу Арсен Рахымбеков дүйнөдөгү эң акылдуу 10 баланын сегизинчиси деп таанылды. Бул тууралуу мегаарифметика мектебинин директору Жакшылык Матанов социалдык тармактарга жазды.

Дүйнөлүк акыл жарыш олимпиадасына жалпы 10 мамлекеттен 200 ашык бала катышкан. Анда Кыргызстандан барган дагы башка 8 окуучу эң күчтүү жыйырмалык топко кошулду. Ал эми олимпиадада женишке жеткен окуучулар 2018-жылы июль айында Колумбия мамлекетинде өтө турган дүйнөлүк мелдешке жолдомо алышты.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg