Акыркы макалалар

«Одноклассники» аркылуу терроризмге үндөгөн жаран кармалды

«Одноклассники» аркылуу терроризмге үндөгөн жаран кармалды

Социалдык тармактар аркылуу экстремисттик идеологияны тараткан Кыргызстандын жараны кармалды. УКМКнын маалымат кызматы кабарлагандай, Бишкекте 14-ноябрда эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү 20 жаштагы жаран кармалган. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочусу.

Кармалган жаран бул уюмга социалдык тармактар аркылуу ишке алынган. “Одноклассники” социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу катары өзүнүн баракчасында экстремизмге үндөгөн аудио-видео кайрылууларды жасаган.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин «улуттук, расалык, диний кастыкты козгоо» боюнча кылмыш иши козголду. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg