Акыркы макалалар

Памирден келген кыргыздарды Нарын эли тосуп алышты

Памирден келген кыргыздарды Нарын эли тосуп алышты

Буга чейин көчүрүлүп келе жаткан журт жолдон Жалал-Абадга өргүп, эс алышкан

Кыргызстанга окутуу үчүн алып келе жаткан Памир кыргыздары бүгүн (13-октябрда) кечинде Нарын шаарына келишти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Кандаштарыбызды Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов баш болгон 300гө чукул адам тосуп алды.

Аларды алып келүүгө барган топтун жетекчиси вице-премьер Чолпон Султанбекованын айтымында, негизинен окуу максатында келе жаткан боордоштор менен алты ай мурда сүйлөшүүлөр болуп, паспорт жаза визалар тогулу менен дайындалган.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Афганистандын аймагындагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган бир нече үй-бүлөнү Нарын аймагына көчүрүп келип, балдарына билим берүү максаты коюлуп жаткандыгын айткан эле.

Кечээ көчүрүлүп келе жаткан журт жолдон Жалал-Абадга өргүп, эс алышкан.

Белгилей кетсек, алар Нарындын Куланак айылына жайгаштырылат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg