Акыркы макалалар

Шайлоого байланыштуу мектептерде окуу процесси токтотулбайт

Шайлоого байланыштуу мектептерде окуу процесси токтотулбайт

15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого байланыштуу республикадагы мектептерде окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, өлкөдөгү жалпы 2 миң 236 шайлоо участкасынын 1 миң 453ү мектептерде жайгашкан. Мындан улам, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү иштери окуу процессине таасирин тийгизбейт.

5 күндүк окуу жүргүзүлгөн мектептерде процесс кадимкидей тартипте жүргүзүлөт. Ал эми, 485 шайлоо участогу 6 күндүк окуу жүргүзүлгөн мектептерде жайгашкан. Ал мектептерде дагы окуу үзгүлтүккө учурабайт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg