Акыркы макалалар

Окумуштуулар европалыктарга окшош кыргыздардын көбөйүү себептерин айтышты

Окумуштуулар европалыктарга окшош кыргыздардын көбөйүү себептерин айтышты

Илимдин чыгаандары жылдан жылга европеоид жүздүү кыргыздар көп төрөлүп жатат деген бүтүмгө келишкен

Окумуштуулар өлкөдө эмне себептен сары чачтуу, көк көздүү балдар көп төрөлүп жатканын түшүндүрүп беришти.

Тарыхчылар көп мезгилден бери улутубуздун келип чыгышын кызуу изилдеп келишет. Элдүүлүк тууралуу алгач ирет биздин доорго чейинки 201-жылы айтылат. Тарыхчы Сыма Цян этностун Енисейдеги өкүлдөрүн европеоид жана узун бойлуу деп сүрөттөгөн. Заманыбыздын окумуштуусу Аскарбек Беделбаев алар Енисейден кайра көчкөндө монголоид расасы менен аргындашканын айтат.

Окумуштуулар европалык кебетелүү кыргыздардын саны көбөйүп жатканын белгилешүүдө.

Кыргызстан эл аралык университетинин Адам экологиясы институтунун директору Асылбек Айдаралиев он жылдан бери ДНКны изилдеп келет. Үлгүлөр менен узак жылдар бою иш алпарган окумуштуу көпчүлүк кыргыздардын генинин 40 пайызга чейинкиси — европалык деген бүтүмгө келген.

Анын айтымында, окумуштуунун өзүндө 55 пайыз түштүк-азиялык, 38 — европалык 7 — субсахаралык же арап гени бар. Айдаралиев кыргыздардын 5-10 пайызында америкалык индеецтердин да гени орун аларына токтолду.

Окумуштуунун айтымында, бүгүнкү күндө кыргыз улутунун өкүлдөрүнүн ДНКсы өзүнүн баштапкы абалына кайтууда. Дал ошол себептен, кара тору, кара чачтуу үй-бүлөлөрдө да европеоид расасындагы балдар төрөлүшү мүмкүн. Изилдөөчү буга ата-энеси кара чачтуу, кара көздүү экендигине карабай, европалыктарга түспөлдөш туулган небересин мисалга келтирет.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg