Акыркы макалалар

Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңешке депутат болду

Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңешке депутат болду

Жогорку Кеңешке Зарылбек Рысалиев депутат болуп келди. Бул боюнча чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 4-октябрдагы жыйынында кабыл алынды.

Жыйында ага депутаттын төш белгиси жана күбөлүк тапшырылды.

Зарылбек Рысалиев парламентке Нургазы Нишановдун (Республика—Ата-Журт) ордуна келди.

З.Рысалиев 2010-жылдын 13-сентябрында Кыргызстандын ички иштер министри кызматына дайындалган. 2012-жылы Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгына төрага болгон. Аталган кызматтан 2013-жылы бошотулган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg