Акыркы макалалар

Ош шаарынын 3017 жылдыгы белгиленет

Ош шаарынын 3017 жылдыгы белгиленет

Ош шаарынын 3017 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Шаар күнү 4-5-октябрь күндөрү белгиленет.

Маалыматка ылайык, шаар күнүнө карата бир нече маданий жана кайрымдуулук иш-чаралары өткөрүлөт. Андан тышкары, эки эс алуу багы колдонууга берилмекчи.

Ош — Фергана өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Кыргызстандын эң ири шаарларынын бири. Башка шаарлардан үч миң жылдык байыркы тарыхы, эски мечиттери жана зыярат кыла турган касиеттүү Сулайман-Тоосу менен айырмаланып турат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg