Акыркы макалалар

Эксперт: Эмчек рагы айыгат

Эксперт: Эмчек рагы айыгат

Аялдар рак оорусунун алгачкы белгилерин өздөрү байкай алат. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда онкологиялык оорулар боюнча Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди.

Тегерек столго катышкан Европалык онкология мектебинин эксперттеринин айтымында, аялдар өздөрү денесиндеги өзгөрүүлөргө көңүл буруп жүрүшү керек. Эгерде эмчегинде кандайдыр бир өзгөрүү болсо, маммолог дарыгерге же болбосо үй-бүлөлүк дарыгер борборунун дарыгерлерине тез арада кайрылышы керек.

Эскперттер рак оорусун эрте аныктоо ийгиликтүү дарылоо үчүн абдан маанилүү учур экенин белгилешет, анткени эрте дарылоо менен эмчек рагы толук айыктырууга мүмкүн болот.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg