Акыркы макалалар

Ошто биринчи иммуногистохимиялык лаборатория ачылат

Ошто биринчи иммуногистохимиялык лаборатория ачылат

25-сентябрда Ош шаарына Швейцария мамлекетинен Европалык онкология мектебинин серепчилер тобу келет. Алар түштүк аймактагы биринчи иммуногистохимиялык лабораториянын ачылышы салтанатына катышат. Жаңы лабораторияны техникалык жабдуу менен камсыз кылууну жана адистерди даярдоону да Европалык онкология мектеби өз мойнуна алган. Бул тууралуу “Эргене” коомдук фондунун коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалымат боюнча, иммуногистохимиялык изилдөө – бул бүгүнкү күндө онкологиялык дартты аныктоонун эӊ так усулу, ал шишиктин бир гана мүнөзү менен түрүн таап чыгууга жана абдан натыйжалуу дарылоо жолун тандоого жана ооруну алдын ала болжолдоого жол ачат.

Ушул күнгө чейин дартты аныктоонун бул усулу Кыргызстандагы көптөгөн онкологиялык бейтаптар үчүн жеткиликсиз бойдон калууда, алар Казакстандын же Орусия лабораторияларына кайрылганга мажбур болушат, ал жактагы кызмат көрсөтүүлөр болсо биздин жарандар үчүн абдан кымбат турат.

Андыктан бул жаңы лаборатория кыргыз жарандары үчүн рак дартынын алдын алуу жана эрте аныктоо жолу менен оорудан айыгуу жакшы мүмкүнчүлүк түзөөрү айтылууда.

Эске сала кетсек, Швейцариядан келе турган эксперттик топтун курамында Европа өлкөлөрүндө эмчек безинин рагын аныктоо боюнча серепчи дагы бар. Анын Кыргызстанга келүү максаты SILK программасы боюнча Бишкек жана Ош шаарларындагы онкологиялык борборлордун дартты аныктоо базаларын жакшыртуу боюнча пландык иш-чараларды өткөрүү болуп саналат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg