Акыркы макалалар

Бишкекте күндөн энергия алуучу коллекторлор ишке киргизилди

Бишкекте күндөн энергия алуучу коллекторлор ишке киргизилди

Бишкекте 22-сентябрда күндөн энергия алуучу коллекторлор долбоору ишке киргизилди. 364 даана күн коллекторлорунун ар бири 1,4 кВт/саат кубаттуулукка ээ, ал эми жаңы жабдуулардын жалпы кубаттуулугу 0,518 МВТка же болбосо 0,445 Гкал/саатка барабар. Мындан жыл сайын 2,2 млн сомдук 124,8 миң куб метр көлөмүндөгү жаратылыш газы үнөмдөлөт.

«Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы билдиргендей, күн коллекторлору Гагарин көчөсүндөгү откананы камсыздайт. Аталган отканадан №5 мончо, №141 бала бакча, №55 орто мектеп, 34 тиричилик абоненттери жана 4 жатакана жылуулук алат.

Долбоор сыноо иретинде ишке ашырылды жана Бишкектин экологиялык кырдаалын жакшыртууга, казылып алынуучу отун ресурстарын үнөмдөөгө багытталган.

Мындан тышкары жылуулук берүү сезону башталганга чейин “Орто-Сай” отканасына кошумча коллекторлорду орнотуу болжолдонуп жатат.

Эске сала кетсек, күн коллекторлорун орнотуу долбооруна Республикалык айлана-чөйрөнү коргоо фондунун чечими менен 10,6 млн сом кошумча каржылоо шарты менен бөлүнгөн. Долбоордун жалпы наркы 14,8 млн сомду түзөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg