Акыркы макалалар

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин 13,43 млрд сом өлчөмүндө бекитүү сунушталды

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин 13,43 млрд сом өлчөмүндө бекитүү сунушталды

Саламаттыкты сактоо министрлиги 2018-жылга карата Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин 13,43 млрд сом өлчөмүндө бекитүүнү сунуштады. Бул боюнча мыйзам долбооруна жазылган негиздеме-катта айтылган.

Министрлик даярдаган мыйзам долбоорунун максаты, Фонддун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу боюнча негизги параметрлерин кабыл алуу болуп саналат. Ал боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети 2018-жылга кирешелер боюнча 13 млрд 429 млн 825 миң сомго болжолдонуп, чыгаша бөлүгү да ушул эле суммада түзүлгөн.

Ал эми 2019-жылга карата бюджети кирише жана чыгашасы кошкондо 13 млрд 448 млн 673,1 миң сом өлчөмүндө түзүлсө, 2020-жылга карата бюджет 13 млрд 706 млн 411,5 миң сомго болжолдонгон.

Бюджет кодексинин 12-беренесине ылайык, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу мамлекеттик органдын ишин каржылоого багытталган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg