Акыркы макалалар

Facebook тармагындагы тажатма посттордон кутулуунун жолу табылды

Facebook тармагындагы тажатма посттордон кутулуунун жолу табылды

Facebook социалдык тармагы жаңылыктар түрмөгүнөн айрым достордун билдирүүлөрүн жашырып кое турган Snooze функциясын тестирлөөдөн өткөрүп жаткандыгын Techcrunch порталы жазды.

"Эмгек өргүүдө жүргөн досуңдун посттору же жаңы бренд тууралуу маалыматтар тажаттыбы? Эми сизге Snooze жардамга келет" — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, эми айрым колдонуучуларды достуктан чыгарбай туруп, алардын постторунан 24 саат, бир жума же бир айга кутула турууга болот.

Жаңы функция качан ишке кирери боюнча так маалымат айтылбаганы менен Techcrunch порталынын журналисттерине Facebook компаниясынан анын тестирлөөдөн өтүп жатканын тастыкташты.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg