Акыркы макалалар

Кыргызстанда окуучуларга 11 миллион окуу китеби жетишпейт

Кыргызстанда окуучуларга 11 миллион окуу китеби жетишпейт

Кыргызстандын мектептеринде 1 млн 172 миң окуучу билим алууда. Жаңы билим берүү стандарты боюнча окуу китептеринин тартыштыгы бүгүнкү күнү 11 млн китепти түзөт. Мындай маалыматты билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева бүгүн, 14-сентябрда билдирди.

Ал билдиргендей, окуу китептери тез эскирип жатат.

2015-жылы алгачкы жолу Кыргызстандын мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилген. Ага ылайык, окуу китептер фондусун толук алмаштырууга туура келүүдө.

“Окуу китептеринин нускасын көбөйтүп басып чыгаруу үчүн жыл сайын 600 млн сомго жакын каражат керек. Биз 120 млн алып жатабыз. Бирок бизге эл аралык уюмдар – Дүйнөлүк банк, АБР жакшы колдоо көрсөтүп жатат”, — деди министр өз сөзүндө.

Министр Гүлмира Кудайбердиева окуу китептердин көйгөйүн чечүү үчүн убакыт керектигин белгиледи.

Анын айтымында, окуу китептеринин мазмуну боюнча дагы көп иштерди аткаруу милдети турат. Ал иштер стандарттарга туура келиши керек, ошондой эле, баардык окуу программаларын, базалык окуу планын кайра иштеп чыгуу зарыл.

Министр билдиргендей, учурда жаңы базалык планды иштеп чыгуу боюнча иш жүрүп жатат, эмдиги жылдын окуу планы ал боюнча өзгөрөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg