Акыркы макалалар

Бишкектик окуучулар мегаполистер Олимпиадасынан коло байге алышты

Бишкектик окуучулар Москвадагы мегаполистер Олимпиадасынан коло байге алышты. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык Билим берүү башкармалыгынын маалыматында, 2017-жылдын 9-сентябрында Москвада мегаполистердин экинчи олимпиадасы өткөн. Ага дүйнөнүн 29 ири шаарынын 14-18 жаштагы мектеп окуучуларынын 36 командасы катышты.

Бишкек шаарынын командасынын 8 катышуучусунун бешөө олимпиаданын коло байгесине ээ болушту. Алар: №24 МГ Баймырза уулу Адилет (химия), №61 МЛ Балыкин Никита (математика), Мухин Андрей (физика), Анарбеков Рыскельди (физика), Абдукаримов Байэль (информатика).

Абу-Даби, Алмата, Астана, Белград, Берлин, Бишкек, Будапешт, Джакарта, Дюссельдорф, Ереван, Лейпциг, Милан, Минск, Москва, Нью-Дели, Кытай, Пекин, Рига, Санкт-Петербург, София, Таллин, Тель-Авив, Иерусалим, Хельсинки, Азербайджан, Армениянын мектеп окуучулары математика, информатика, химия жана физика боюнча күч сынашты.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg