Акыркы макалалар

ОШТУда СУУНУН САПАТЫН ИЗИЛДӨӨГӨ КИРИШТИ

ОшТУда жаңы пайда болуп жаткан маалыматтык системалар технологиясынын жардамы аркасында суунун сапатын изилдөө боюнча атайын конференция жүрдү.

Бул кызыктуу иш-чарага экология багытында эмгектенишкен илимпоздор, адистер жана чет өлкөдөн келген адистер активдүү катышышты. Долбоордун алкагында изилдөө обьектиси катары Ош шаарынын ортосун жарып аккан Ак-Буура дарыясы алынган. Ошондуктан, Ак-Буура өзөнүнүн башынан аягына дейре изилдеген илимпоздор бүгүнкү күндөгү бул дарыянын калаа калкына тийгизип жаткан оң жана терс жактары туурасында кең-кесири маалымат бөлүшүштү.

Конференциянын соңунда жергиликтүү жетекчилерге расмий кайрылуу дагы жасалды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Түп нускага шилтеме : aimak.kg