Акыркы макалалар

Күндүн атмосферасында дагы бир жарылуу болду

Бүгүн күндүн атмосферасында дагы бир ирет майда жарылуу болгондугун РФтин Илимдер академиясынын Физикалык институтуна таянып РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, бул жарылуу кубаттуулугу жагынан эң жогорку болуп эсептелген X классына кирди.

Мурдараак Илимдер академиясынын өкүлү жерде 4-5 баллга жеткен магниттик бороон болорун билдирген. Бирок акыркы маалыматтарга караганда анын күчү айтылгандан 10 эсеге жогору болуп турат.

Россиянын Илимдер академиясынын маалыматы боюнча, күн астомферасындагы алгачкы жарылуулар 4-сенбярь күнү башталган. Андан кийинки эки жолкусу 6-сентябрь күнү катталган.

Окумуштуулардын пикири боюнча акыркы үч күндө күндүн бетинде өзгөрүүлөргө ылайык бүгүнкү жарылуу мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Учурда жаратылыштын бул кубулушунун кесепетин так айтуу мүмкүн эмес.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg