Акыркы макалалар

Химия сабагы боюнча кыргызча интернет-ресурс иштей баштады

Химия сабагы боюнча кыргызча интернет-ресурс иштей баштады

2017-жылдын 1-августунан тартып жогорку класстын окуучулары, абитуриенттер жана биринчи курстун студенттери үчүн “Онлайн химия сабактары” деген интернет-ресурсу жеткиликтүү боло баштады. Онлайн курсу төмөнкү веб-даректе жайгашкан www.himiya.net.kg.

Азыркы учурда онлайн курсу штаттык режимде иштеп жатат жана интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар.

Каалаган адам кыргыз тилинде химия сабагын өздөштүрүүгө, сайттын ар бир бөлүмүндө жайгашкан ар түрдүү тестик тапшырмаларга таянып өзүнүн билимин текшерүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Фэйсбукта да ресурстун бөлүмү бар. Потенциалдуу бенефициар ар бир теманын материалын видео сабак көрүү аркылуу өздөштүрө алат.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 2197 ге жакын мектеп бар, анын ичинен 1410 го жакыны окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер жана 56 ЖОЖдун ичинен 16 ЖОЖдо химия предмети профилдик болуп эсептелет. Жалпы республикалык тестирлөө боюнча 14290 окуучунун 4407 химия боюнча босого упайынан жогору упай алган, бул болсо тест тапшыргандардын 69,16%.

Аталган ресурс «Сорос – Кыргызстан» фондунун колдоосу менен түзүлгөн.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg