Акыркы макалалар

Баткен районунда жер көчкү жүрүп, жер жаракалары пайда болду

Баткен районунда жер көчкү жүрүп, жер жаракалары пайда болду

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Дара айыл аймагынын Кан айылында 1-сентябрь күнү саат 13:00 чамасында Кожешкен дарыясынын түштүк тарабында жер көчкү жүрүп, 350-400 метр аралыктын 4-5 жеринде жаракалар пайда болгон. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала ченөөлөр боюнча, жаракалардын кеңдиги 5 см-1 метрге чейин, тереңдиги 1,5 – 2 метр. Бүгүнкү күндө 1 үй кооптуу абалга келген. Турак үйлөр менен пайда болгон жаракалардын аралыгы 20-30 метрди түзөт.

Табигый кырсыктан улам 7 кишиден турган Арзымат Ормоновдүн үй-бүлөсү бир тууганынын үйүнө убактылуу көчүрүлдү. 3 турак жай көзөмөлгө алынып, белги коюлду.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg