Акыркы макалалар

Түркия мектептеринде жихад тууралуу сабактар киргизилди

Түркия мектептеринде жихад тууралуу сабактар киргизилди

Түрк мектептеринде жихад тууралуу сабак киргизилди. Бул тууралуу Би-би-си кабарлады.

Маалыматка ылайык, мектеп программасы жалпысынан чоң өзгөрүүгө дуушар болду. Өзгөчө биринчи, бешинчи жана тогузунчу кластарга тиешелүү болгон бул өзгөртүүлөр ата-энелердин нааразычылыгын жаратканы баяндалат.

Себеби, жаңы программага ылайык, Мустафа Кемалдын биографиясы жана эволюция теориясына бөлүнгөн сааттар кыскартылып, ордуна жихад тууралуу сабактар киргизилген.

Өлкөнүн билим берүү министри сын пикирлерди четке кагып, окутуу программасынан кайталанган жана кереги жок сабактар алынып салынганын билдирди. Андан тышкары министр Дарвиндин эволюция теориясы алынып салынбаганын, жөн гана жогорку класстарга бөлүнгөнүн түшүндүргөн.

Ал эми, мугалимдердин ири профсоюздарынын төрагасы, Орхан Йылдырым адам кайдан пайда болгону тууралуу теория алынып, ордуна адамзат Адам жана Обо энеден пайда болгон деп үйрөтүү пландалганын айтат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg