Акыркы макалалар

Бишкекте жаңы үлгүдөгү ортопедиялык бут кийимдер жасалууда

Бишкекте жаңы үлгүдөгү ортопедиялык бут кийимдер жасалууда

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жаңы үлгүдөгү ортопедиялык бут кийимдерди чыгарууда.

Аталган мекеменин директору Утан Жунушовдун айтымында, 2017-жылдын башынан тартып бут кийимдердин моделдери өзгөртүлүп, жаңы заманбап үлгүдөгү ортопедиялык бут кийимдер өндүрүлүүдө.

Өткөн аптада Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси 120 ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кызмат көрсөттү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.

“Мекемеге кайрылган жарандардын 65 ортопедиялык батек жана корсет-бандаж буюмдарына, 60 жаран ортопедиялык бут-кийимге жана 5 жаңы протезге муктаж болгон адамдар”, — дейт ал.

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси бир жуманын ичинде 135 жуп ортопедиялык бут кийимин, 120 даана протездик-ортопедиялык буюмдарды иштеп чыгарган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg