Акыркы макалалар

Кыргызстандагы ЖОЖдорунда 421 бюджеттик орундар бош калды

Кыргызстандагы ЖОЖдорунда 421 бюджеттик орундар бош калды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 2017-жылдын эсебинен 421 бюджеттик орундар бош калды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 25 мамлекеттик жогорку окуу жайларына 5 миң 440 гранттык орундар бөлүнгөн. Алардын ичинен 504 орун ЖРТнын жыйынтыгын талап кылбаган кесиптерге жана 95 орун Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасына бөлүнгөн. Окуу жайларга кабыл алуунун 3 турунун жыйынтыгында 110 баллдан жогору топтогон 26 миң 103 абитуриенттин ичинен 4 миң 420сы бюджеттик орундарга кабыл алынган.

ЖОЖдордун ичинен эң көп бюджеттик орундар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде каралса, анын 97 бош калган. Мындан сырткары, ОшТУда 59 орун, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 50, Кыргыз улуттук университетинде 45 орун калган. Ал эми, башка окуу жайлардагы орундар 100 пайызга толтурулган.

Билим берүү министрлиги билдиргендей, быйылкы жылдын эсебинен бош калган орундарга кайрадан абитуриенттер кабыл алынбайт.

Кошумчалай кетсек, 2015-жылы 800гө жакын орун, 2016-жылы 328 орун бош калган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg