Акыркы макалалар

Фарид Ниязов Кочкордон тартылган сүрөттөрдү чагым деп атады

Фарид Ниязов Кочкордон тартылган сүрөттөрдү чагым деп атады

КСДПнын төрага орун басары Фарид Ниязов "бийлик Нарындын Кочкор районунда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштерин баштап жатканы" тууралуу маалыматты чагым деп атады. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берип, окуя иликтенип жатканын кошумчалады.

5-августта интернетке чыккан сүрөттөрдө ак халат кийген бир топ дарыгерлер "Сооронбай Жээнбеков" деген жазуунун алдында жыйын куруп жатканы чагылдырылган. Сүрөттөр 2-августта тартылганы, райондук оорукана башчысы Калиев менен акимдин орун басары Садыкова "дарыгелерге үгүт жүргүзүп жатышканы" айтылган. Интернет колдонуучулар муну административдик ресурс катары баалап, талкууга түшкөн.

Фарид Ниязов сүрөт автобекетте, баланы эмчек сүтү менен багууга арналган жумалыктын алкагындагы жыйында тартылганын белгилейт:

- Жыйынды эмне үчүн ошол жерде өткөрүшкөнүн тактап жатабыз. Аким муну тактап жатат. Сүрөттөгү фонду - "Сооронбай Жээнбеков" деген жазууну атайын ошол ракурстан тартышкан. Ал жерде президент болом деген башка кишилердин штабдары, аты-жөндөрү жазылган жайлар да бар болчу. Аларды кошушкан эмес. Бул чагым иретинде тартылган сүрөт.

Ниязов бул сүрөт интернетке чыккандан соң партиянын бардык активисттерине мындай чагымга жол бербөө тууралуу эскертилгенин кошумчалады.

Азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду КСДП президенттикке талапкер катары көрсөткөн. Ал талапкер болуп расмий каттоого алынгандан соң кызматтан кетиши керек. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жээнбековду колдоорун ачык айтып келет.

Шайлоо 15-октбярда өтөт. Үгүт иштери сентябрда башталат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org