Акыркы макалалар

АБДИШҮКҮР АЖЫ НАРМАТОВ БАЗАР-КОРГОНДУН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУП, ЫНТЫМАК ТУУРАСЫНДА БАЯНДАМАСЫН ЖАСАДЫ

АБДИШҮКҮР АЖЫ НАРМАТОВ БАЗАР-КОРГОНДУН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУП, ЫНТЫМАК ТУУРАСЫНДА БАЯНДАМАСЫН ЖАСАДЫ

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов Базар-Коргон районунун борбордук «Актайлак ата» мечитинде райондун жалпы тургундары менен жолугушуп, «Үй-бүлө, талак, ынтымак, биримдик жана сулуулук жөнүндө баяндамасын жасады.Бул тууралуу Жалал-Абад областык казыятынын басма-сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, дин аалымы менен болгон жолугушууга 4000ге чукул жаран катышып, жергиликтүү тургундар Абдишүкүр ажы Нарматов менен биргеликте жума намазын окушту. Эл менен болгон жолугушуу иш-чарасы Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын кеңешчиси Алмаз ажы Умарбековдун жана Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковдун демилгеси менен уюштурулган. Ал эми район эли дин аалымы Абдишүкүр ажы Нарматовго өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришип, карапайым эл менен бат-баттан жолугушуп турууну суранышты.

Түп нускага шилтеме : aimak.kg