Акыркы макалалар

Банк картасы менен кардарларга ыңгайлуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүлөт

Банк картасы менен кардарларга ыңгайлуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүлөт

Жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатын көздөгөн экономикалык багыттагы “Эколикбез” программасынын кезектеги чыгарылышы. Көрсөтүүнүн бүгүнкү темасы «Төлөм системасынын бир багыты болгон — накталай эмес төлөм жүргүзүү». Программанын коногу КР Улуттук банкынын төлөм системалары башкармалыгынын жетектөөчү адиси Жеңиш Ташмаматов.

Маектешкен: Наргиза Байөмүрова

Марал: — Саламатсызбы Жениш мырза, айтсаңыз, негизи эле нак эмес төлөм деген түшүнүк эмне?

Жеңиш Ташмаматов; — Накталай эмес төлөм, акча жүгүртүүнүн бир түрү. Мисалы алсак, бир кардардын банктагы эсебинен экинчи бир кардардын эсебине накталай акчанын жардамы жок эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшү. Кардар төлөм документинин негизинде өзүнүн эсебинен башка бир адамдын эсебине акча каражатын которот. Эгерде бул эки кардардын тең эсеби бир банктын ичинде болсо, бир кардардан экинчисине гана которулат. Эки башка банкта каражаттык эсеби болсо, экинчи банкка азыркы учурда көптөгөн ыкмалардын жардамы менен нак эмес төлөм жүргүзүлөт.

Марал:- Жалпы эле накталай эмес төлөм системасынын бүгүнкү күндөгү абалы кандай?

Жеңиш Ташмаматов: — Негизинен жакшы деп айтсак болот. Себеби, юридикалык жактан сөзсүз түрдө банкта өзүнүн эсептери болот. Ошол эсептерден кардарлар өз ара бири– бири менен эсептик катнаштарын жүргүзүп төлөмдөрдү өткөрүшөт. Жарандарыбыз банктан эсеп ачып ага төлөм картасын байланыштырып, анын жардамы менен ар кандай төлөмдөрдүн бардык түрүн жүргүзсө болот. Учурдун талабына ылайык, өлкө ичиндеги ар кандай акча которууларды аткарып, банкоматтан нак акча алса болот. Статистиканы алсак, азыркы күндө төлөм карта рыногунда 1 миллион 750 миңден ашуун төлөм карттары жүгүртүлүүдө. Анын ичинде 700 миңден ашууну «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталары, андан тышкары дүйнөлүк эл аралык карт Виза, Мастер карт жана Золотая Корона жана башкалар. Биздин банктык талаптарга ылайык, бардык коммерциялык банктар карттарды чыгарып жана тейлөөгө тийиш. Андыктан, кардарларга ыңгайлуу жана сапаттуу кызматтар көрсөтүлөт.

Марал:— Накталай эмес төлөм системасынын артыкчылыгы эмнеде?

Жеңиш Ташмаматов: — Артыкчылыктары арбын. Биринчиден, кардарга өтө ыңгайлуу болот. Алсак, жөнөкөй эле кардардын айлык маяна акысы бактагы эсебине түшөт дагы ал каалаган убакта жана кайсыл жерде жүрбөсүн каалаган өлчөмдө карттын жардамы менен каражатын алып колдоно алат. Экинчиден, нак акчаны чөнтөктө алып жүрүү кооптуу болот, андыктан картада сакталган каражат бул- коопсуздук жактан да өтө ыңгайлуу. Банкоматтын жардамы менен накталай акча алууга мүмкүнчүлүк берет.

Марал:— Карталарды кайсыл жерден алып аны кандай ыкма менен толтуруш керек?

Жеңиш Ташмаматов: — Азыркы күндө коммерциялык банктар кардарларга өтө ыңгайлуу сунуштарды берип жатышат. Кардарларыбыз ар кандай жарнамалардын жана маалыматтардын негизинде өзүнүн кызыкчылыгын көздөгөн жана шарттарына туура келген банктардын бири менен келишим түзүп, төлөм картасын ачып алуусу керек. Ошол күндөн тарта картасына айлык маянасынын эсебин же болбосо пенсиясын котортуп алса болот. Андан тышкары өзүнүн башка да каражаттары болсо аны да карт системасына чегерип алууга мүмкүнчүлүк алат. Келишим түзгөн банк кардардын каражатын алгандан кийин, ага 3 же 5 % өлчөмдөгү үстөк киреше кошуп берет. Мына ушундай да кызыктыруучу шарттары бар.

Марал: — Ал эми электрондук төлөм жүргүзүүдөгү пост-терминалдардын жана банкоматтардын маанисине дагы токтоло кетсеңиз?

Жеңиш Ташмаматов: — Кардарларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жаатында банктык жабдыктардын мааниси зор. Себеби, кардар каражат картасы менен ар дайым эле өзүнүн келишим түзгөн банктын кеңсесине келип, ал жердеги кезекке дуушар болуп, убактысын коротпошу керек. Жакын жердеги пост-терминалга же банкоматтын жардамы менен төлөмдөрдү жүргүзүп, нак акча чыгарып тез арада көз карандысыз тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Учурда Кыргызстандын бардык аймактарында жабдыктарды жеткирүү жана орнотуу боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатат.

Марал:- Учурда Кыргызстанда төлөм карталарына суроо- талап кандай?

Жеңиш Ташмаматов:- Жалпысынан төлөм карт рыногунда суроо- талап чоң. Төлөм карттарынын саны жыл санап өсүп жатат. Бүгүнкү күндө 1 миллион 700 миңден ашуун карт кардарлардын колунда. Алсак, мындан 3 жыл мурун сандык көрсөткүч миллиондон төмөн болчу, ал эми азыр төлөм карттардын саны жогорку ылдамдыкта өсүп келе жатат. Азыркы күндө коммерциялык банктар ар кандай жаңы заманбап технологиялардын жардамы менен кардарларга жакшы шарттарды жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап жатышат. Биздин жарандар да банктар сунуштап жаткан ыңгайлуу шарттарды түшүнүп барган сайын төлөм карттарына болгон суроо — талап өсүп жатат. Улуттук банк, коммерциялык банктар жана мамлекеттик органдар да кызыктар. Нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүүдө ачык айкындуулук бар. Ошол себептен калкты тейлөөдөгү дагы бир ыңгайлуулук катары мамлекет тарабынан да колдоо бар.

Маегиңизге рахмат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg