Акыркы макалалар

Раев: Алтай маданияты дүйнөлүк цивилизацияда ордун табыш керек

Кыргызстанда «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форуму» өтүп жатат. Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болгон эл аралык форумга 12 мамлекеттен 20га чукул элдердин өкүлдөрү катышты. Президент Алмазбек Атамбаевдин жеке демилгеси менен уюштурулуп жаткан саамалыкта өлкө башчысы Алтайда «Алтай цивилизациясы» тарыхый-маданий борборун жана Бишкекте «Алтай цивилизациясын изилдөө институтун» түзүүнү сунуштады. Ушул теманын алкагында “Күн чекит” прогрммасында Кыргыз Респуликасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Султан Раев менен маектештик.

Бүгүн Кыргызстанда биринчи жолу “Алтай цивилизациясы” боюнча форум өттү. Бул форумдун Кыргызстанда өтүшүнүн мааниси канчалык, бул иш-чара биздин өлкө үчүн эмне берет?

Биринчи кезекте “Алтай цивилизациясы” деген форум Кыргызстанга эмне берет дебестен, адамзатка эмне берет десек туура болот. Себеби Алтай цивилизациясынын чордонунда кыргыз эли турган. Ошонун негизги тарыхый кыймылдаткычы да кыргыз эли болгон. Биз үчүн бул форум өтө маанилүү. Керек болсо, Манас атабыздан башталган тамыр Алтайдан чыккан. Ошондуктан Алтай цивилизациясын жалпы адамзаттык цивилизациялардын катарына кошуу керек.

Мисалы, Рим, Грек цивилизацияларын айтабыз. Ошонун катарында Алтай цивилизациясы да чоң роль ойногон. Бүгүнкү күндө Алтайдын руханий борборунан чыккан элдер бир гана түрк элдери эмес, Япония, Корея дагы өздөрүнүн байыркы тамырын Алтай тамырына байланыштырат. Ошондуктан, Алтай цивилизациясы дүйнөлүк цивилизациялар арасында ордун табышы керек. Бул маселени Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев биринчилерден болуп демилгелеп чыкты. Бул чоң мааниге ээ. Анткени президент биздин тарыхыбыздын алдындагы чоң миссиясын аткарды десем жаңылбайм.

Президент Алмазбек Атамбаев, Бишкекте Алтай цивилизациясын изилдеген институт ачууну сунуштады. Бул окумуштуулар, илимий чөйрө арасында кызматташтыкты кеңейтип бере алабы?

Албетте, институт түзүлсө Алтай темасы боюнча көптөгөн хронометраждуу изилдөөлөр жүргүзүлүшү мүмкүн. Анын негизинде кыргыз тарыхы чоң ачылыштарга барышы ыктыцмал. Мисалы, буга чейин да Барсбек кыргыздын биринчи каганы болгон деп айтып келгенбиз. Ал эми жаңы тарыхый табылгалардын негизинде Барсбекке чейин кыргыздын 12 каганы болгон экен. Демек, биздин тарых тээ түпкүргө кетип баратат.

Бирок бул долбоор кандай ишке ашат, каржылык булагы каралганбы?

Эң негизгиси ушундай институтту түзүү идеясы айтылды. Аны аягына чыгуу керек. Бул албетте, каржылык чыгымдарды талап кылат. Бирок, эң негизгиси президентибиз саясий чечимин чыгарды. Андан ары улап кетүү өкмөттүн, башка структуралардын милдети болуп эсептелет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg