Акыркы макалалар

Ош шаары “Дени сак шаарлар” программасына кошулууну көздөйт

Ош шаары “Дени сак шаарлар” программасына кошулууну көздөйт

20-июль Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европадагы региондук бюро программасынын жетекчиси Моника Косинска менен жолугуп, “Дени сак шаарлар” программасы туурасында кеңири талкуулашты.

Вице-мэр Ош шаарынын мэриясы акыркы үч жылда орто жана кенже медицина кызматкеринин коммуналдык төлөмдөрүнө, ооруканалардын техникалык базасын жаңылоого жергиликтүү бюджеттен колдоо көрсөтүп келе жаткандыгын айтты. Ал Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун программасына кошулуу менен саламаттык сактоодогу айрым көйгөйлөр чечилет деген үмүтүн да билдирди.

Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европадагы региондук бюро программасынын жетекчиси Моника Косинска “Дени сак шаарлар”программасы 30 жылдан ашуун өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткандыгын айтты. Ал билдиргендей, өткөн жылы аталган түйүнгө Казакстандын Алма-Ата шаары кошулган. Быйыл Кыргызстандан Бишкек жана Ош шаарларын чакырып жатышат.

Белгилей кетсек “Дени сак шаарлар” программасына кирген шаарлар ар 5 жыл сайын жолугушуу өткөрүп, тажрыйба алмашышат. Кийинки жылы мындай жолугушуу Улуу Британияда 3 миңден ашуун бийлик өкүлдөрүнүн жана ак халатчандардын катышуусунда боло тургандыгын Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү билдирди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg