Акыркы макалалар

Роботтордун эл аралык таймашында ооган командасы жеңди

Роботтордун эл аралык таймашында ооган командасы жеңди

Вашингтондо өткөн Роботтордун эл аралык таймашында Ооганстандан келген алты өспүрүм кыз жеңишке жетишти. 18-июлда жыйынтыкталган иш-чарада ооган командасы күмүш медалга татыды.

Алгач алты кызга АКШга барууга виза бербей коюшкан. Кийин АКШ президенти Дональд Трамптын кийлигишүүсү менен Ооганстандын батышындагы Герат провинциясынан чыккан алты кызга эл аралык таймашка катышууга уруксат берилген.

Үч күнгө созулган иш-чара дүйнөдөгү жаштардын арасындагы илим жана техникага болгон кызыгууну өстүрүүгө багытталган.

Алтын медалга Европадан барган команда татыса, Польша күмүш, Армения коло медал алды.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org