Акыркы макалалар

ЖАЛАЛ-АБАДДА КУРГАК УЧУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ДИНИЙ ЛИДЕРЛЕРДИ ОКУТУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАДДА КУРГАК УЧУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ДИНИЙ ЛИДЕРЛЕРДИ ОКУТУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ

17-июлда Жалал-Абад шаарындагы «Мөл-мөл» мейманканасында Жалал-Абад областык казыят кызматкерлери, мечиттердин имамдары жана «Мутакаллим» уюмунун мүчөлөрү жана Жалал-Абад шаарынын аялдар медресесинин окутуучулары үчүн кургак учук маселелери боюнча 4-күндүк тренинг болуп, ага КМДБнын фатва бөлүм башчысы Равшан ажы Эратов жана КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад казыятынын маалымат бөлүмү маалымдады.

Тренингдин программасында кургак учук туурасында негизги түшүнүктөр, эпидемиялогиялык абал, оорунун алдын алуу жана оорунун жугуу жолдору, ошондой эле кургак учукка каршы туру мекемелерине баруу жана ал жердеги бейтаптар менен жолугушуу каралган. Семинар алкагында «Эгерде үй-бүлөдөгү түгөйлөрдүн бири дартка чалдыккан болсо эмне кылуу керек жана бул туурасында Ислам эмне дейт?», «Дартка чалдыккандар бала күтсө болобу?», «Кургак учук менен ооругандарды салт кабыл алабы»?, «Шарият боюнча андай ооруну оолактатууга жол берилеби?», «Дартка чалдыккан мусулман аялга үйлөнсө болобу же мусулман эркекке турмушка чыкса болобу?», «Ислам боюнча кандай жардам көрсөтүлгөн?» сыяктуу суроо-жооптор талкууланды.

«Улуттук фтизиятрия борборуUSAIDдин «Кургак учукту жеңебиз» долбоорунун колдоосу алдында Кыргызстанда комплекстүү диний өкүлдөрдү тартуу менен кургак учук эпидемиясына каршы туру маселесин чечүүнү максат кылып жатышат. Учурда республикада кургак учуктун дарыга туруктуу түрүн жана аны тез аныктоочу 24 платморма иштеп жатат»,- дейт долбоордун адвокация, коммуникация жана социалдык мобилизация боюнча адиси Дильшат Хаитов.

Эске салсак, КР Өкмөтүнүн 2017 ж. 17.01. №9 буйругу менен «Кыргыз Республикасында 2017-2026 жылдарга кургак учукка каршы туруудагы жардам берүү системасын оптимизациялоо жөнүндө» иш жүргүзүү планы бекитилген.

Түп нускага шилтеме : aimak.kg