Акыркы макалалар

ОШ ШААРЫНДАГЫ “СЕМЕТЕЙ” КИНОТЕАТРЫ КМШда ЭКИНЧИ ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ

ОШ ШААРЫНДАГЫ “СЕМЕТЕЙ” КИНОТЕАТРЫ КМШда ЭКИНЧИ ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ

Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатры заман талабына жараша реконструкцияланып, абдан таанылгыс болуп өзгөрдү. Сыйымдуулугу жана сапаты жагынан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан экинчи орундуу ээлеп, ушул тапта түштүк башкалаасындагы гана эмес бүтүндөй Кыргызстандагы эң ири маданий очокко айланды дагы калды.

-Албетте, донор табуу жана аны бул ишке ынандыруу дегеле оңойго турган жок! – деп агынан жарылды Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрынын техникалык менеджери Медетбек Макенов. - Кыргызстандын кинодепартаменти уюштурган тендерде Түштүк Кореянын жараны Ким Хинюн Су утуп чыккан эле. Бул жигит маданий очокту чекесинен бүтүндөй жаңылады. Бир мезгилде тең иштеген төрт көрүүчүлөр залын дароо бүтүрдү. Жалпы сыйымдуулугу – 460 орун. Булардын бирөөсү окуучу балдар үчүн атайын курулду.

Ушул тапта кайрадан толук кандуу иштей баштаган “Семетей” кинотеатрында дүйнөлүк көрөрмандардын арзуусуна бекем арзыган “Трансформер”, “Мумия”, “Кара мүртөз караанмын”, “Арабалар”, “Жөргөмүш адам”, “Чагылган бүтмөйүнчө, жарыш дагы уланат”, “Маймылдар планетасындагы согуш” өңдүү көркөм тасмалар көрөмандар сынагына кайрадан коюлууда.

Улуу муундагы көрөрмандардын бири, таанымал агартуучу жана коомдук ишмер Гүлайым Машрапова нравалык кризистен кутулуунун мындай жолун чын дилден кубаттады.

-Ош шаарында эле эмес Ош облусундагы дагы ири кинотетарлардын көпчүлүгү бузулуп, айрымдары дээрлик менчиктештирилип кетпедиби, - деп тызылдады Гүлайым Машрапова. - Биринчиден, ушуларды кайрадан мамлекттин карамагына кайтарып, бул чоң түйшүктү талап кылган ишти ого бетер жандандырган Ош облустук виновидеодирекциясынын жетекчиси Адылбек Сарыбаевдин мээнети абдан чоң экендигин калыстык үчүн айтып коюуга тийишмин! А киши четөлкөлөргө дейре ат тезегин кургатпастан каттап, моминтип эптеп донорлорду дагы таап, маданий очокторубузду – кинотеатрларды эптеп сактап калууга дагыле күч үрөп жүрөт. Экинчиден, кинотеатрларды кайрадан жандандыруу менен гана чектелбестен, ал маданий очоктордо жеңил-желпи эмес тарбиялык маааниси абдан чоң көркөм тасмаларды гана көрсөтүү парз! Демек, келечегибизди түзүүчүлөрдүн ыймандуу, кесипкөй жана патриот болуп өсүшүнө дагы бекем өбөлгө жаратып олтурат. Үчүнчүдөн, Кыргыз кино өнөрүнүн дүйнөлүк алкакта кайрадан таанылып чоң кадыр-барк күтүшүнө дагы шарт түзүлдү.

Мындай пикирди коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев дагы ыраса кубаттады.

-Жашырып не. Совет доорунда эң мыкты идеология бар эле. Тилекке каршы, Кыргызстанда бул баалуулуктар жана багыттар азыр таптакыр жок! – деп кейип-кепчиди серепчи Төлөгөн Келдибаев. – Карасаңыздар, Кыргызстандын бардык телеканалдары жалаң гана Түрк кинолорун көрсөтүп жатып калышты. Анткени, ушул тапта мындан башка аргабыз жок. Эптеп экранды толтуруш керек! Ошондуктан, Кыргыз Өкмөтү мамлекеттин болочогун чындап ойлосо, мыкты режиссерлукка, операторлукка, актерлукка уул-кыздарыбызды олчойгон каражат коротуп болсо дагы Москва, Ташкен, башка жактарга жөнөтүп окутушу кежет! Ансыз бүгүнкү жеңил-желпи Кыргыз тасмалары менен келечегибизге балта гана чабылып жатат.

Ал эми мектеп окуучусу - жаш көрөрман Николай Медведев эң узакка созулган жайкы каникулда Ош шаарындагы “Семетейден” башка кинотетарларда дагы менчигинин түрүнө карабастан Ата Мекендик жана четөлкөлүк патриоттукка жана эмгекке тарбиялаган маанайдагы көркөм тасмаларды көрсөтүү анчалык жакшы жолго коюлбай жаткандыгын моюндады.

-Башкасын айтпай эле коеюн, Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, Замир Эралиев өңдөнгөн Кыргыз киночуларынын Совет доорундагы көркөм тасмалары алигүнчө улуттук маани-маңызын дагыле жогото элек. Ушуларды азыр деле кинотеатрларда байма-бай коюшса, утмакпыз! – деп тызылдады оштук окуучу Николай Медведев.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары

Түп нускага шилтеме : aimak.kg