Акыркы макалалар

Музыка баланын мээсин өстүрөт

Музыка баланын мээсин өстүрөт

30 млрд даана транзистор баткан тырмактай сенсор. Адамдын терисине окшош трибоэлектрикалык наногенератор. Чокуга тез чыккан электроавтомобил дүйнөлүк рекордду жаңылады. Музыка балдарга оюн бир жерге топтоп, эмоциясын көзөмөлгө алууга жана жөнсүз чыргоолонуусун азайтууга көмөктөшөт.

Музыканын психологиялык пайдасы

Музыкалык билим балдарга оюн бир жерге топтоп, эмоциясын көзөмөлдөөгө жана жөнсүз тынчсыздануусун азайтууга көмөктөшөт.

Берегидей тыянакты Канаданын Вермонт университетинин (University of Vermont College of Medicine) балдар психологиясына адистешкен окумуштуулары музыкалык инструментти (скрипка жана пианино) ойноо менен мээнин ортосундагы байланышты изилдеген соң жасашты.

Бул изилдөөнү "музыкалык аспапта ойноо жана мээнин өнүгүүсү ортосундагы карым-катнаш боюнча эң чоң иликтөө" деп атады Вермонттогу балдар, жаштар жана үй-бүлө борборунун директору, профессор-психиатр Жеймс Худзяк (James Hudziak) жана анын кесиптештери. Алар алты жаштан 18 жашка чейинки 232 баланын мээсин изилдеген.

Жаш өскөн сайын мээнин тышкы кабыгы калыңдай баштайт. Канадалык окумуштуулар мурда мээнин айрым бөлүгүндөгү тышкы кабыктын жукаруусу чочулоо, депрессия, ойду топтой албоо, агрессия жана жүрүм-турумду көзөмөлгө алууда көйгөй жаратарын аныкташкан. Профессор Худзяк иштеп чыккан модель боюнча баланын чөйрөсү: ата-энеси, мугалимдери, достору, үй айбанаттары, сабактан тышкаркы убакта китеп окуу жана спорт менен машыгуу анын психологиялык саламаттыгына кандай таасир этери изилденген.

Изилдөөнүн натыйжасында, музыкалык аспаптарды ойноо мээнин кыймыл-аракетин көзөмөлдөп координациялоочу бөлүгүн өзгөрткөн. Эң маанилүүсү - музыкалык аспаптоо ойноо мээнин эс-тутум менен ойду көзөмөлгө алуучу, келечектеги иштерди уюштуруучу жана пландоочу бөлүгүнүн сырткы кабыгынын калыңдыгына таасир эткен.

Ушинтип, профессор Худзяктын скрипка (пианино) балага психологиялык туруксуздук менен күрөшүүгө бир бөтөлкө таблеткага караганда алда канча көп жардамдашат деген гипотезасы ырасталды.

"Биз негативдүү нерселердин натыйжасына маани берип, бирок аны дарылоодо эч качан позитивдүү нерселерди пайдаланбайбыз", - деди Жеймс Худзяк.

АКШнын Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү орто мектептердин окуучуларынын төрттөн үчү сабактан тышкары убакта музыка же искусство менен "өтө сейрек машыгат же эч качан машыккан эмес".

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, http://www.jaacap.com)

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org