Акыркы макалалар

Сумбулада тезек кургатуу сезону кызуу жүрүүдө

Сумбулада тезек кургатуу сезону кызуу  жүрүүдө

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында тезек кургатуу иши кызуу жүрүп жатат. Айылда кыштын узак болгондугуна байланыштуу отун көп керектелет.

Сумбулу айылынын тургундары июнь, июль айларында тезек кургатуу менен алектенет. Көмүр отун сатып алууга жумушсуздуктун айынан акча каражаты жетишпейт. Ошондуктан кышта жыйган уйдун көңүн? сууга аралаштырып чалып, кичинекей тегерек формасында жука жайып кургатып алышат.

Бул тууралуу айылдын тургуну Жыпар Алиеава төмөнкүлөрдү билдирди.

“Кургатылган уйдун көңү очокто, тандырда жакшы күйөт. Нан жаап тамак жасаганда кыйналбайбыз. Ал эми көмүрдүн күкүмүн аралаштырып тоголок кылып куюуп алганыбызды мешке жагабыз. Ал көмүрдүн ордун басат.”-дейт айыл тургуну.

Жыпар Алиеванын кошумчалашында тезекти Сумбуланын тургундары гана жасашат.

“Бул тезек бир гана Сумбулада жасалат. Башка жакта жашаган тургундардын жасаганын көрө элекмин. Кургатылган тезек санитардык жактан көң тазаланат жана экологияга зыяны жок.”,-деп кошумчалады.

Даярдаган: Данияр Бахридин уулу

Түп нускага шилтеме : kyrgyzmedia.com