Акыркы макалалар

КАРА-КӨЛДӨ МИЛИЦИЯГА НААРАЗЫ БОЛУП ЧЫККАНДАР ЭКПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН КҮТҮШӨТ

КАРА-КӨЛДӨ МИЛИЦИЯГА НААРАЗЫ БОЛУП ЧЫККАНДАР ЭКПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН КҮТҮШӨТ

Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн алдына 30-июнь күнү нааразычылык билдирип чогулган 100дөй адам химиялык экспертизанын жыйынтыгын күтүшөт.

Жергиликтүү тургундардын биринин билдирүүсүндө алар короосунда өстүргөн белгисиз өсүмдүктү милиция кызматкерлери келип баңги затка байланыштырып текшерүүгө алып кетишкенин жана тургундарга кылмыш иши козголорун билдиришкен. Буга нааразы болгон тургундар өткөн жума күнү шаардык милициякананын алдына топтолушуп, ал өсүмдүктү кооздук үчүн өстүрүшкөнүн жана баңги затка тиешеси бардыгын билбестигин эч ким түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгүн айтышты. Алар менен жолугушкан шаардык ИИБ башчысы Калык Айтбаев чогулган өсүмдүк химиялык эспертизага жөнөтүлгөнүн жана анын жыйынтыгы менен гана окуяга юридикалык баа берилерин айтты. Аймактык милиция Кара-Көл шаарындагы 4 үйдүн короосунан баңги затка окшош гүлдү алышканын мурдараак маалымдаган болчу.

Түп нускага шилтеме : aimak.kg