Акыркы макалалар

Таластын айрым айылдарын сел каптады

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас областындагы башкармалыгынын алдын ала маалыматына ылайык, Талас районуна караштуу Бердике Баатыр айылдык аймагында 30-июнда Козучак, Кызылчок айылдарында сел жүрдү. Талас-Бешташ автожолунун 12-13 чакырымында сел жүрүп автоунаалар жолу тосулган. Ошондой эле Кызый-Мойнок айылындагы айдоо аянттар селден жабыркашты. Жана дагы Бакай-Ата районунун Шадыкан айылынын айдоо аянттары дагы сел каптоо кырсыгына дуушар болгон. Учурда жеринен комиссия түзүлүп иликтөө иши жүргүзүлүүдө.

ЖЕНИШГҮЛ ТОГОЛОКОВА, ТАЛАС

05.07.2013