Акыркы макалалар

Ала-Букадагы аялдын мүрзөсүн казган 21 жаштагы жаран кармалды

Ала-Букадагы аялдын мүрзөсүн казган 21 жаштагы жаран кармалды

Ала-Букадагы маркумдун жайын казып салган жаран кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, кармалган жаран 21 жашта. Ал тергөө органдарына өткөрүлүп берилет.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында көз жумган 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн айылдаштары “башка динге өтүп кеткен” деген негизде мусулмандардын мүрзөсүнөн чыгарып салышкан. Кийин ал христиандардын көрүстөнүнө коюлганда ал жердегилер да нааразылык билдирип, сөөктү чыгарып таштаган. Сөөктү башка жакка көмүшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 263-беренесинин негизинде иш козголуп, сөөктү көрдөн казып салгандардын аты-жөнү аныкталып издөө жарыяланган. Бул ишти 27-декабрда райондук сот кароого киришип, күбөлөр суралды. Кийинки жараян 4-январга белгиленди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg