Акыркы макалалар

Youtube’дан акча жасаса болот

Youtube’дан акча жасаса болот

Интернет аркылуу бүгүн ар кандай жолдор менен акча тапкандар арбын. Алардын ичинде баарыбыз кызыктуу видеолорду көргөн Ютубдан акча табуу дагы бүгүнкү күндөгү реалдуу жол. Мына ушул жол менен акча таап, ийгиликтүү иш жүргүзүп келаткан Курманбек Жолдошев бизге сырлары менен бөлүштү. Бирок биздин өлкөдө бул тармак анчалык өнүгө элек болгондуктан, ал өз эмгектерин англис тилдүү аудиторияга тартуулайт.

- Youtube аркылуу акча табуу идеясы сизге кайдан келди? Иштей баштаганыңызга канча убакыт болуп калды?

- Youtube менен алектенгенден мурун биз сайт жасап иштечүбүз. Ошондой эле система менен өзүбүзгө сайт жасап, анан аларга реклама аркылуу каражат таптырып иштейт элек. 2014-жылы Орусияда катуу кризис болуп, биздин Россияга багытталган сайттарыбыз киреше алып келбей калган. Ошондон кийин орус тилдүү базарга эмес, англис тилдүү базарга кирели деп чечкенбиз. Англис тилдүү интернет базары өтө чоң. Ошол эле убакта конкуренция өтө күчтүү болгондуктан, кирүүгө мурун коркчубуз. Бирок, айла жок, 2014-жылдан кийин кирүүгө туура келген. Ошондо ютуб менен 2015-жылдан баштап таза алектене баштаганбыз.

- Баштапкы капитал керекпи?

- Баштапкы капитал катары бир компьютер менен лимитсиз интернет керек. Видеолорду анализдегенге каражат катары көп убакыт керек.

- Жүктөгөн видеонун каражаты кантип эсептелет?

- Видеолордо рекламадан акча табуу иши Гугл компаниясынын Адвордс деген биржасы аркылуу эсептелинет. Ал мындай: бир жакта интернеттен реклама берет элем деген фирмалар болот. Бир жакта болсо жекече ачылган сайттар, онлайн журналдар, форумдар болот жана буга кошумча катары Ютуб сайты кошулуп калган. Гуглдун Адвордс компания биржасы аркылуу реклама берем деген фирмалардан каражат алынат да, ушул сайттарда жана ютубда рекламалар көрсөтүлө баштайт. Эгер бир реклама чыкчу жайга бирден көп кардар болуп калса, анда ошолордун арасында аукцион уюштурулат. Ким көп акча берсе, ошонун рекламасы көрсөтүлөт. Мисалы, бир кичи шаарда реклама берген фирмалардын саны азыраак болсо, ири шаарларда кардардын саны көп болот да, рекламанын баасы да жогору болот. Демек эгер сиздин видео ошол шаарларда көрүлүп жаткан болсо, ал жердеги көрсөтүлгөн рекламадан түшкөн пайда да көп болот. Бул шаар гана эмес, өлкөлөргө да байланыштуу болот. Мисалы, Россияда көрсөтүлгөн реклама менен АКШда көрсөтүлгөн реклама арасында киреше жагынан 5-6 эсе айырма болот. Бирок бул факторго сайт жана ютубдагы каналдын ээлери эч кандай таасир кыла албайт. Болгону ошол кымбат реклама чыкчу региондорго же ошо жердегилер түшүнчү тилге контент жасап, аларга сунуу керек.

-Youtube каналын иштетип, жакшы акча табуу үчүн эмне кылуу керек? Каналга катталгандан баштапкы процессти айтып өтсөңүз...

- Ютубда канал ачып иштетүү үчүн башында Gmaıl почта болсо жетиштүү. Канал ачуу жана жүктөө процесстери бекер. Жакшы акча табуу үчүн рынокту жакшы изилдөө керек. Бир тематика боюнча видеолорду изилдеп, анан ошолордун арасына өз салымын кантип кошсо болот- ошолорду кароо керек. Жакшы акча табуу үчүн өтө көп иштөө керек. Өтө көп видео жасап, өзүнө жаккан тармакта эксперимент өткөрүп көрүп, өзүнүн аудиториясын таап чыгуу керек.

Каналга катталуу оңой эле

Gmaıl почтасын ачуу керек;

Ютуб сайтына ошол Gmaıl почтасы аркылуу кирип, канал ачылат;

Каналдын настройкаларынан монетизация деген функциясын иштетүү керек;

Гугл адсенс программасына Ютуб каналы аркылуу өтүп, ага да катталуу керек (Гугл адсенс деген бул Гуглдун бухгалтериясы десек болот, акчаны эсептен банкка же башка эсептерге ушул программа жөнөтөт).

Гугл адсенс менен ютуб каналды байлап коюу керек, ошондо күнүмдүк табылган акчаларды аналитикадан көрүп турса болот.

- Көрүүчүлөрдү көбөйтүү үчүн эмнеге басым жасоо керек? Кандай программалар кызыктырат... Өзүңүз кандай программалар менен иштейсиз?

- Көрүүчүлөрдү көбөйтүү үчүн өз аудиториясын таба билүү керек. Бул тематикага жараша болот. Эгерде чоӊдорду кызыктырган канал ачылган болсо, ар бир видеодон кийин сурамжылоо коюп койсо болот. Мисалы: кандай видео жасап берели сыяктуу. Ютубдагы ийгиликтин негизги фактору - бул аудиторияны кармап калуу. Бул көрүүчүнүн сиздин видеоңузду канча мүнөт же секунд көргөнү. Канчалык көп көрүлсө, ошончолук видеоңуз жакшы деп эсептелет да, дагы көп адамга көрсөтүлөт. Биз көп программалар менен иштейбиз, 2D, 3D анимация жасайбыз, пластилинден жасайбыз, куурчак театры да кылып иштейбиз, чоңдор үчүн социалдык роликтерди да тартып көрөбүз. Негизи күн сайын жаңы багыттарды изилдеп, ошолор боюнча бир нук таап алсак деген оюбуз бар.

- Күнүнө канча киреше тапса болот? Кыргызстандын аймагында жакшы киреше тапкандар барбы?

- Жакшы киреше тапкандар дүйнөдө көп, бирок Кыргызстанда анчалык көп эмес. Бизде бул тармак анча өнүккөн эмес, себеби интернеттин проблемасы азыркы күнгө чейин чечиле элек. Региондордо болсо Ютуб иштебейт деле экен. Киреше деген бул түздөн түз кылган мээнетке жараша болот. Канчалык көп иштесе, ошончолук көп акча тапса болот. Бирок Кыргызстанда, тилекке каршы, бул тармак өнүгө элек.

- Кыргызстанда кызыккандар көп элеби?

- Бизде кызыккандар көп эле, айрыкча жаштар. Бирок аларга ошол эле интернеттин жетишсиздиги же техникасынын болбогону жолтоо болот. Региондордо да кызыккандар бар, бирок алар Бишкекке келип бир аз үйрөнүп кетели десе деле кайра эле каражат маселесине келип такалат.

- Интернет ишкерлигинде кыйынчылыктар болобу?

- Интернет ишкерлиги ар бир ишкерлик сыяктуу башында өтө кыйын болот. Мисалы, сиз Бишкекте бир дүкөн ачсаңыз, алгачкы 2-3 жыл ошол дүкөндүн атын чыгарып алайын деп иштейсиз. Кийин дүкөндүн аты чыгып калгандан кийин, ал дүкөн сизге иштеп берет. Биздин башка бизнестерге салыштырмалуу конкурентибиз көп болот. Бирок ошолорду жарып чыга алсак, анда түшкөн киреше да көп болот. Өтө стрессти жараткан иш, 24 саат мониторинг жана анализ менен иштейбиз. Бизде базар күн сайын өзгөрүп турат. Кичине бир кыймыл менен өтө көп кыйынчылыкка туш келип калышыбыз мүмкүн. Бирок бүт согушубуз онлайн болгондуктан, жөнөкөй адамдарга эч нерсе деле билинбейт. Көпчүлүк булардын иши оңой, интернетте отуруп эле акча таап коюшат деп ойлошот. Бирок көп адам чыдабай, кайра бурулуп кетишти бул ишти баштайм деп.

- Заман талабына ылайык жаңы канал ачайын деп жаткандар эмнеге көңүл буруулары керек?

- Биринчиси эле маркетинг боюнча теориялык билим алуу керек. Базарды өтө жакшы түшүнүү керек. Мисалы, сиз “Дордой” базарына бир контейнер ачам деп бардыныз, эч карабай туруп эле өзүңүзгө жаккан кийимдерди сатам деп контейнер ачып алдыңыз, бирок ал сатылбай тура берет. Туурабы? Себеби ар бир иштин башында жасалчу нерсени жасаган эмессиз, бул – базар изилдөөсү. Биз Ютуб боюнча семинар бергенбиз. Андан бери көп жаштар баштайлы деп аракет кылышты. Бирок эң эле негизги эреже болгон анализди жасашкан жок. Дагы деле видео жүктөп, бирок ийгиликке жетише албагандар өтө көп. “Дордой” маселесине кайра кайтсак, сиз бир кийим сатчу катарга кирип анализ кылсаңыз, канча сомдук кийимдер бар экен, кандай адамдар алат экен, алардын башка каалоосу бар бекен деген сыяктуу анализ кылсаңыз жана ошого жараша кийим алып келип сатсаңыз сатылат болуш керек, өзүңүзгө жаккан кийимди саткандын ордуна. Ютубда да биринчи болуп көрүүчү эмнени каалайт - ошону билип алышыңыз керек. Ал үчүн башында ютубду көрүп чыгышыңыз керек, ийгиликтүү роликтер эмне үчүн ийгиликке жетти деген суроого жооп беришиңиз керек. Ошондо балким жетишпей жаткан бир теманы табасыз да, ошол багытта видео жасай баштайсыз.

Жаркын Муратбекова

Түп нускага шилтеме : pk.kg