Акыркы макалалар

Кыргызстандык Перизат Расулбек кызы «Дүйнө сулуусу 2016” эл аралык сынагында сулуулардын 25-тобуна кирди

Кыргызстандык Перизат Расулбек кызы «Дүйнө сулуусу 2016” эл аралык сынагында сулуулардын 25-тобуна кирди

Кыргызстандык Перизат Расулбек кызы «Дүйнө сулуусу 2016” эл аралык сынагында сулуулардын 25- тобуна кирди. Бул тууралуу ал өзү Instagram соцтармактагы баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, Перизат Расулбек кызы 26-ноябрдан 18-декабрга чейин Вашингтондо (АКШ) өткөн «Дүйнө сулуусу 2016” эл аралык сынагында Кыргызстандын атынан катышкан. «Дүйнө сулуусу” таажысын Пуэрто-Риконун өкүлү Стефани Дель Валле жеңип алган. 2-орунду Доминикан Республикасынан барган Яритза Мигелина Рейес Рамирес ээлеген, 3-орунду Индонезиянны өкүлү Наташа Маннуэле алган. Алдыдагы бештикке Кениянын кызы Эвелин Нджамби Тангу менен Филиппиндин кызы Катриона Грэй кирген.

Ал эми Кыргызстандык Перизат Расулбек кызы дүйнө сулууларынын 25 -тобуна кирди. Бул аны эч кандай ызаланткан жок, анткени анын пикиринде 120 кыздын ар бири акылгөй жана сулуу эле.

“Missworld” сайтында интернет добуш берүүдө мен дүйнө сулууларынын 25-тобуна кирдим. Мени колдогондордун бардыгына ырахмат”-деп жазган ал.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg