Акыркы макалалар

Жалал-Абад шаарынын мэри, Мухтар Арапбаев: «Өнүгүү» фракциясынын өксүгү эмне?

Өткөн аптада Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Өнүгүү» фракциясынын депутаттары шаардын мэри Мухтар Арапбаевге ишенбөөчүлүк көрсөтөөрүн жар салышты. Алардын билдирүүсүндө калаа башчысы тарабынан 9 пункткан турган кемчилик кетирилген. Эң негизги себеби КРнын мыйзамынын 44-беренесине ылайык шаар мэри үч айдын ичинде кечиктирбестен шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын долбоорун сунуштаган эмес.

Бирок, шаардык кеңештин VII сессиясынын жүрүшүндө, шаар мэри өкмөттүн тапшырмасы менен Бишкек шаарында экенин айтып, шаардык мэриянын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров «Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын долбоору» тууралуу кеңири маалымат берүү үчүн атайын даярдалган «презентацияны» депутаттарга жана сессиянын катышуучуларына алып чыгып тааныштырууга камынганда, «Өнүгүү» фракциясынын депутаттары «бул маалыматты шаар мэри жеке өзү алып чыгып бизге тааныштырсын», дешкен. Эми, «Элдин көйгөйүн чечебиз, биз эл үчүн иштейбиз!» деген кайран чакырык, ураандар артта калып, «Өкмөт бизди кызыктырбайт, шаар мэри биздин алдыбызда келип долбоор менен өзү тааныштырышы керек, өкмөттү көздөй чуркабай!» – дешкен «өнүгүүчүлөр». Шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын тиешелүү адис С.Умаровдун айтып бергенин угуудан, «өнүгүүчүлөр» уялабы? - деген суроо пайда болот экен. Анан шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорун үч айдан өтсө да сунуштабайт, деп күнөө койгондору түшүнүксүз.

Ишкердүүлүктү өнүктүрүүдө ишкерлерге тоскоолдуктарды жаратып жатат деген менен «өнүгүүчүлөрдүн» кээ бир депутаттары шаарда жүргөндө көзүн таңып алышса, шаар базарларынын айланасы, мурда «автовокзалга» айланган борбордук көчөлөр менен оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан шаар көчөлөрүндөгү иштерди шаар тургундары көрүп, байкап турат!

Шаардык мэриядан мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү багытында иш алып барууда атайын комиссия түзүлүп, иш жүрүп жатат. Мыйзамсыз курулуш куруп, текейден арзан баага базардан жерлерди ээлеп, ээлеген жерлерин сырттан келген карапайым сатуучуларга ижаралап, муниципалдык жерлердин жана момун калктын эсебинен мыйзамсыз иш жүргүзүп «байып» жаткандар, шаардык мэриянын бул аракетин «Азаматсыңар, туура иш жасап жатасыңар!» – деп жатышкан жери жок. Нааразы болгон тарап мыйзамсыз иштери уланбай калгандыгына туталанып, бирде адам чогултуп митинг уюштурса, бирде нааразычылык каттарын жөнөтүшүүдө. Шаардын калкы жүз миңден ашат, анын ичинен 30га жакын адам эмне үчүн нааразы болуп жатышканын айтпаса да эл түшүнүп турат.

Мэрия жана анын түзүмүндөгү кызматкерлерге көрсөтүлгөн кысым боюнча айтаарым, азыр заман башка ким болсо да укугун коргой алат. Тиешелүү укук коргоо органына кайрылып мыйзамдуулугун текшертип, туура эмес чечим болсо мыйзам чегинде териштирүүнү жакшы билишет. Эми, 2011-жылдын күз айларына салыштырмалуу кадр алмашуу анчалык эмес экенин текшерип да көрүшсө болот. Ал кездеги кадрлардын алмашуусу байма-бай болгонуна караганда жетекчиликти колго алган жаштардын амбициялык демилгеси абдан күчтүү болгонунан кабарлайт.

Ал эми борбордук аянттарды «жаркыратабыз» деп элдин акысынан чогулган миллиондорго тендер жарыяланып, утуп алган курулуш компаниясы миллион акчаларды акча дебейт көрүнөт, «бермуд үч бурчтугу» сыяктуу, жетпеген миллиону бөлүнсө да, кайра эле соруп алып, элге пайдаланууга тапшырууга деле жарабай келе жатканы кандай? Андан да, «өнүгүүчүлөр» мэриянын башындагы чөптү чукуп, курулуш компаниясынын башындагы кебелбеген дөңгөчтү коргоого алганына жол болсун.

Бардык башка курулуштардагы окуялар да ушундай, бүтүрөбүз дешип тендерден утуп алды болуп, ишти чалагайым жасап, дагы бюджеттин акчасынан бөлө берет экен деп, бюджетти «саан уйга» айландырып алган курулуш компанияларынын артында кызыкдар тарап бар экен деген ойго келесин. Анда тендерди жарыялап эмне кереги бар? Ушул компанияны утту деп туралы, кийин бюджеттен утуру акча жетпей калды деп ала беребиз деген жорукту эмне деп түшүнсө болот? Бул курулуштар боюнча маселе, ал эми шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салык боюнча туруктуу комиссиясынын көпчүлүк бөлүгүн түзгөн «Өнүгүү» фракциясынын депутаттары акыркы айларда өткөн 2012-жылдын бюджетинин аткарылышын комиссияда кароону кечиктиришип жатканына эмне себеп деген маселелерди өздөрү да калыстык үчүн белгилеп коюшу абзел.

Азыркы учурда жарым жылдык болгонуна байланыштуу, шаардагы салыктын түрлөрү боюнча жалпы көлөмү 301 млн 11 миң 700 сом жыйналып, жеткирилген план 291 млн 909 миң 500 сом болгон, башкача айтканда 103,1% аткарылган. Былтыркы жылга салыштырмалуу 44 млн 289 миң 400 сом ашыкча жыйналып, өсүү темпи 117,3%га жеткен. Салыктын кээ бир түрлөрүнүн аткарылуусунун кечигүүсү, алардын салык төлөө мөөнөтү боло электигинде жана пландын ашыкча жеткирилгендигине байлаштуу болот. Биринчи жарым жылдыкта жергиликтүү бюджеттин аткарылышы 102,3% аткарылган, ал эми республикалык бюджеттин аткарылышы 103,6% аткарылганын белгилөөгө болот.

Учурда, аткаруу бийлиги тарабынан, кечигип болсо да, шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салык боюнча туруктуу комиссиясынын көпчүлүк бөлүгүн түзгөн «Өнүгүү» фракциясынын депутаттары карап, колдоп берген бюджеттин чегинде иш алып барууда. Ошону менен катар, шаар мектептери менен бала бакчалардын альтернативдүү жылуулук системасына өткөрүү менен 10 млн сом шаар бюджетин үнөмдөө аракети көрүлүүдө. Көмүскө ишкерлик менен алектенип жана салык төлөөдөн качкандар боюнча да тийиштүү иш жүрүүдө.

«өнүгүүчүлөр» жетинчи пункт менен белгилеген, шаардын чок ортосунда жайгашкан «Айгүл» акционердик коомунун айланасында мыйзам чегинде автоунаа токтоочу жайы бар. Ал жерге шаардан сырткары жерлерден келген автоунааларды автовокзалга чыгаруу иштерин жүргүзүү шаардык МАИ кызматкерлерине милдеттендирилген. Шаар мэриясынын ар жумада өтүүчү аппараттык кеңешмесинде шаардык ИИБне сөз тийип, тапшырылган иш өз деңгээлинде аткарылбай жаткандыгы боюнча ШИИБ жана ИИБге кат жолдонуп, бул маселе күн тартибинде калууда.

Сегизинчи маселеге токтоло турган болсок, анда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу орган катары, шаар мэриясы буга чейин шаар кызыкчылыгы үчүн бир топ муниципалдык иш-каналарды ачууга мажбур болгон. Мисалы, Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбалык департаменти, муниципалдык менчикти башкаруу комитети менен керек-жарак рыногу жана соода департаменти сыяктуу мэриянын алдындагы ишканаларды атоого болот. Быйылкы жылы Жалал-Абад шаарындагы суу тармагы Эл аралык уюмдардын жардамы менен «Ош жана Жалал-Абад шаарларында таза суу жана саркынды суу системаларын калыбына келтирүү» долбоору ишке ашканы турат. Ошондой эле АРИСтин алкагында 500 миң доллар суммасындагы долбоорлор беш аймактык башкармалыкта ишке ашмакчы. Андан сырткары стимгрантка, инвестиция тартуу багытында шаар үчүн пайдалуу жакшы долбоорлорду сунуштоо менен долбоорлорду ишке ашырууда жооптуу адамдар болушу керек. Ошондуктан, долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн алдында өтө чоң жоопкерчилик жатат. Бул бөлүмдү ачууда бир топ эксперттердин, адистердин сунуштары эске алынып, шаардык кеңештин сессиясына алынып чыккан жана колдоо тапкан.

Тогузунчу маселеге токтолсок, кандуу июнь коогалаңына быйылкы жылы үч жылдын жүзү болду. Жылдагыдан айрымаланып ал окуядан жабыр тарткандарга, аксакал ардагерлерге, шаар активдерине сый тамак уюштурулду. Биздин эл илгертен дасторкон жайып, көпчүлүк маселесин чай үстүндө чечип келген, бул биздин чыгыш менталитетибизге ылайык. Мындай тамак берүүнү уюштуруу максаты, улут аралык ынтымакты бекемдөө үчүн бир дасторкондон даам сызып, көз көрүшүп, өткөндөргө куран окуп, келечекке тилек айтуу болгон. Шаар тургундарынан 600гө жакын адам келди, алар үчүн жайылган дасторконго өлкө башчысы А.Атамбаевден да 50 миң сом кошумча каражат берилди.

Мен кээ бир «өнүгүүчүлөрдүн» мага жана менин ишмердүүлүгүмө карата кылдан кыйкым издеп, ар кандай аракеттерди көрүп жатканын түшүнөм. Бирок, саясий утулушту да көтөрө билүү керек, «өнүгүүчүлөр» сунуштаган жигит бир жылдан ашык убакыт шаарды башкарып турду. Мен аны туура же туура эмес иш кылды деп баа бергим келбейт, анткени андай баа берүү элге таандык. Адамдын жасаган иши бир тараптуу жаман же жакшы боло бербейт, ар ким өз дараметине ылайык иш алып барат. Менин жашым пайгамбар жашына келип калды, шаар үчүн пайдалуу жумуш жасоонун үстүндө аракет көрүп жатабыз. Шаардын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылабыз дегенден кийин амбицияларды токтотуп бир багытта иш алып баруу керек, мен «өнүгүүчүлөрдү» эле эмес жалпы эле шаардыктарды ынтымакка, биримдикке жана аракеттенүүгө чакырамын!