Акыркы макалалар

Интернеттин баасы эмки жумада арзандайт

Интернеттин баасы эмки жумада арзандайт

Интернеттин баасы мурунку калыбына келтирилет. Бул тууралуу маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, баалар бир жумадан кийин калыбына келет. Учурда казак тарап менен кыргыз компаниялары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Эске салсак, Казакстандык провайдерлер интернеттин баасы көтөрүлөрү тууралуу кыргызстандык байланыш операторлоруна августтун аягында эле маалымдашкан. Алар муну Орусиядан келген трафик кымбаттаганы менен негиздешкен. Бирок орустар баалар мурунку калыбында, 1 Мб интернет 1 доллар менен сатылып жатканын маалымдашкан. Кыргызстан менен Казакстандын антимонополиялык кызматтары бул маселени талкуулап, баалар мурдагы калыбына келтирилет деген чечимге келишкен.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg