Акыркы макалалар

Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары сымапты иштетүүнүн экологиялык таза жолун табышты

Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары сымапты иштетүүнүн экологиялык таза жолун табышты

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги, химия илимдеринин доктору, профессор Какин Сулайманкулов жана химия илимдеринин доктору, профессор Муса Балбаев сымапты иштетүүнүн экологиялык таза жолун табышты. Бул тууралуу КР УИАнын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Профессор Какин Сулайманкуловдун айтымында, сымап иштеп чыгарууда көп зыян заттар бөлүнүп чыгат, себеби аны алуу үчүн байытылган кенди 500 градуска чейин ысытуу керек.

“Ысытканда сымап учуп, чөйрөнүн баарын - сууну да, жер кыртышын да булгайт. Мына ушул себептен сымап бөлүп чыгарууну дүйнө жүзү боюнча жабышууда. Бизде сымап бюджетке акча түшүрүүчү өндүрүш. Ошону үчүн биз сымапты иштеп чыгаруунун экологиялык таза жолун таап чыктык. Аны “Кыргызпатент” мекемесине бергенбиз. Алар бир жыл бою текшеришти. Мына ошол аракетибиз илимий жаңылык катары жакында тастыкталды. Биз кендин концентратын алабыз, анын ичинде сымапты кармаган минерал - киноварь бар. Ал башка химиялык затка эрийт экен. Концентратта канча сымап чыгаарын болжолдоп эсептеп алып, ошого жараша химиялык затты жана аралашуу чөйрөсүн түзүү үчүн суу кошулат. Тутумунда сымап бар суюктук бөлүнүп алынат. Ага сурьманы кошкондо анын ичиндеги сымап бөлүнүп чыгат”,-деди окумуштуу К.Сулайманкулов

Окумуштуу, профессор Муса Балбаев сымап өндүрүштүн көп тармактарында пайдаланылат.

“Сымап күндүзгү чырактарды жасоодо, парфюмерия өндүрүү тармагында, бетмайларды, алтынды өндүрүүдө, дары-дармектерди даярдоодо, коргонуу өндүрүшүндө ченемине жараша пайдаланылат. Анан да бул ыкманы пайдалануу сымаптын айынан пайда болуучу минимата оорусунан оолак болууга мүмкүнчүлүк бар”,-деп айтты М. Балбаев.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg