Акыркы макалалар

Көчөө китеп канаасынан китептер уурдалууда

Көчөө китеп канаасынан китептер уурдалууда

10- сентябрь күнү Ош облусундагы “Инсан таануу” коомдук бирикмесинин идеясы, Жалал-Абад шаарындагы активдүү жаштардын коолдоосу менен Көчө китеп канаасы ачылган. Китеп канаа Жалал-Абад шаарындагы Токтогул эс алуу багына орнотулган. Эреже боюнча китеп эс алуу багынын тегерегинде гана окулуусу керек эле.

Бирок коюлганына үч күн болбостон китептердин 30% жоктугу байкалган. Муну ачылуу аземине катышкан айрым жарандар айтып чыгышты. Бул маалыматты алгачкылардын болуп Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев байкаган. Анын айтуусунда китептердин учурда 70% гана калган.

“Көчө китеп канаасынын ачылышынан соң, алгач китептерди көргөнбүз. Аябай баалуу китептер коюлган. Учурда алардын 70% гана турат. Бул көрүнүш кайсыл бир тараптан жаман болгону менен китеп уурдоо уурулукка кирбейт дешет. Бирок китеп канаа шарттары боюнча ал жалпы элдики болуп, сен окуган китептерди башкалар да окуусуна тоскоол болбошубуз керек. Эми ошол алып кеткен китептерин алып барып үйүнөн окуп, кайсы бир деңгээлде интеллектти жогорулап кайра аны башка китептер менен кошумчалап алып келсе экен деген ниеттебиз”, дейт Байышбек Ташбаев.

Биздин редакция жогорудагы маалыматтын негизинде көчө китеп канаасына кабар алганы барганбыз. Биз жетип жетпей жаш балдар 50-100 сомдон китеп сатып жатканын айтышса, кээ бири ала калып экинчисинин башына китеп менен чаап жан кейитти. Ага карбастан айрым жаштар эс алуу багында китеп окуп отурганын көрүп көзүбүз сүйүндү.

Роза АКМАТЖАН кызы, "Аймак"

Түп нускага шилтеме : aimak.kg