Акыркы макалалар

Көчмөндөр оюндары: Биринчи күндүн жыйынтыгында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 4-орунга чыкты

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринчи күнүнүн жыйынтыгында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 4-орунга чыкты. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.

Алардын маалыматына таянсак, Кыргызстан курама командасында 14 медаль бар. Россия алдыңкы орунда, андан кийинки орунда Казакстан келе жатат.

Биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча: Россия курамасы - 10 алтын, 2 күмүш, 1 коло медаль; Казакстан – 4 алтын, 2 күмүш, 2 коло; Грузия - 2 алтын, 1 күмүш; Кыргызстан - 1 алтын, 3 күмүш, 10 коло.

Эскерте кетсек, 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Ага дүйнөнүн 62 өлкөсүнөн спорчулар келишти.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg