Акыркы макалалар

“Ысык-Көл” аэропортунун тарыхында 1-жолу түнкү рейс ишке ашырылды

2016-жылдын 30-августунда “Ысык-Көл” аэропортунун тарыхында 1-жолу Бишкек-Тамчы-Бишкек багыты боюнча түнкү рейс ишке ашырылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, түнкү учууда учкучтар учакты ILS жана жарык менен белги берүүчү жабдыктардын жардамы менен кондурду. Рейс «Air KG» авиакомпаниясы тарабынан КР Транспорт жана жолдор министри З.Айдаровдун жана бир нече расмий жетекчилердин катышуусунда ийгиликтүү ишке ашты.

Мындан ары “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропорттору сыякту аба кемелерин күнү-түнү кабыл алууга жана учурууга жөндөмдүү болуп калды.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg