Акыркы макалалар

ИИМ: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда Ысык-Көлдө унаа жолдоруна чектөө киргизилет

ИИМ: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда Ысык-Көлдө унаа жолдоруна чектөө киргизилет

2016-жылдын 3-сентябрынан тартып 8-сентябрына чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында, Булан-Сөгөтү айылында жана Семеновка айылында жайгашкан «Кырчын» этнографиялык шаарчасында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт.

Ушуга байланыштуу ушул күндөрү «Балыкчы-Ананьево-Каракол» унаа жолунда оор жүк ташычуу, жүк ташычуу, автобус, кичи автобус, коркунучтуу жүк ташычуу унаалардын жана айыл-чарба техникаларынын жүрүшүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин патрулдук милиция башкы башкармалыгы билдирди.

ИИМ жергиликтүү калкты киргизилип жаткан чектөөлөргө түшүнүү менен кароосун өтүнүп, ал эми айдоочуларга күнгөй маршруту, «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол» унаажол каттамы аркылуу сапарга чыгууну сунуш кылат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg