Акыркы макалалар

Девид Малана: “Бул жактан кыргыз апа таптым”

Талас облусунун Талас районундагы Арал айылынын ыктыярчысы Девид Малана менен Талас шаарынан жолугуп анын кыргыз улутуна абдан окшоштугуна таң калдым. Ал өзүнүн биздин өлкөгө болгон көз караштары тууралуу баяндап берди.

ЖЕҢИШГҮЛ ТОГОЛОКОВА, ТАЛАС

Мен Кыргызстанда үч жылдан бери жашап жатам, өзүм Америкадан келгем. Биздин үй-бүлөбүз Америкага Филиппинден көчүп келген болчу. Филиппиндиктердин беттери негизинен кыргыздарга окшошуп кетет. Учурда Талас районуна караштуу Арал айылында кыргыз үй-бүлө менен жашайм. Кыргыз тилин бизге ыктыярчылардын «Тынчтык» уюмунда иштеген мугалим бир аз үйрөткөн. Кыргызстанга келип кыргыздар менен жашагандыктан тил билбесең мамиле түзө албайсың да. Ошондуктан тил үйрөнгө аракет кылдым. Башында тил билбегендиктен бир аз кыйын болду. Мен алты жашка чыкканда апам каза болуп калып, эжем бакан, атам жумушта иштегендиктен аны көп көргөн жокмун. Апалык мээримди эч кимден көргөн эмесмин. Кыргызстанга келип кыргыз айымынан апалык мээримди алдым. Бул үй-бүлөдө мен балдардын эң улуусумун ошондуктан апам мени менен көп кеңешет. Кээде бир жакка кетсем, “балам тез келбейсиңби, сенин кеңешиң керек болуп жатат”,- деп апам чакырат.

Чынында мен айылда жашагандан эч коркпойм, себеби менин инилерим бар, мага бир нерсе болсо айылдын баардык балдары чыгып коргошот. Биримдик абдан бекем. Америкада болсо андай эмес «мен» деген нерсе биринчи орунда турат. Ошондой эле кыргыз эли абдан чыдамдуу эл кандай кыйынчылыктар болсо да чыдап баарын көтөрөсүңөр. Бизде болсо кыйналгысы келишпейт, жеңил жолдорду издешет.

“ЖЫЛКЫ ЭТИ ДААМДУУ ЭКЕНИН БИЛДИМ”

Мен келгенде баары таң калып карашты. Айылды айланып чуркасам элге спекталдей болот. Менин келбетим баскан-турганым баары эл үчүн абдан кызык эле, алар оюн көрүп жаткандай карашкан. Бизде жылкынын этин жебейт ага адамдын «досу» деген ой менен башкача мамиле жасайт. Бул жерде болсо анын этин жейт экен, биринчи жолу бул мага таң калычтуу болгон. Кийин этти жегенден соң абдан даамдуу экенин түшүндүм. Ошондой эле мен Кыргызстанга келгенде алгач айран менен боткону аралаш ичкенимде ичим абдан ооруп кыйналганым эсимден кетпейт.

Кыргызстан абдан сонун кооз өлкө. Бардык тамак-аш табыгый жол менен алынат, ал абдан сапаттуу жана даамдуу. Элдери абдан чыдамдуу, ынтымактуу. Азыр технология өсүп жаткан доордо Кыргызстан табыгыйлыгын сактап доор менен алдыга жылса сонун болот. Азыр кичине мамлекет болгону менен өнүгүү доорунда келечеги абдан чоң деген ишеним бар. Мен Кыргызстанды сүйөм келечекте сонун өнүккөн мамлекет болоруна ишенем.

Мектепте анлгис тили, бий, гимнастика, компьютер, гитар кружокторун алып барам. Кээде мени капа кылган нерселер бар. Азыр балдар бул убакытты баалашпайт. Менин берген нерселеримди колдонуп калса абдан жакшы болмок. Бул нерсени ойлогондо өзүмдүн бала чагым эсиме түшөт, мен дагы бир кезде маанилүү нерсени баалабай маанисиз нерселерге убактымды коротком. Ошол учур үчүн абдан өкүнөм. Ошондой эле тамактын түрлөрүн жасайм.

Мен саякаттаганды абдан жакшы көрөм. Бизде «Башка өлкөлөрдү көргөнүң кызыктуу китептин сырын ачканың» деген макал бар. Ал эми кыргызстандыктарга убакытты туура пайдаланып, бардык өлкөлөр менен толеранттуулукту сактоосун каалайм. Дагы бир каалоом арак ичкенди азайтса жакшы болот эле. Себеби менин эсебим боюнча эгерде адам күнүгө 300 грамм арак ичсе бир жылда 17 миң сом акчасы коройт экен.

14.06.2013