Акыркы макалалар

Үңкүр-Тоонун макулдашылбаган участогуна вертолеттон Өзбекстандын ИИМинин 7ге жакын кызматкерлери түштү

Үңкүр-Тоонун макулдашылбаган участогуна вертолеттон Өзбекстандын ИИМинин 7ге жакын кызматкерлери түшкөнүн КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш кызматынан билдирди.

“2016-жылдын 22-августунда “Кербен” чек ара заставасынын Ала-Бука чек ара отрядынын Үңкүр-Тоонун макулдашылбаган участкасына Өзбекстандын ИИМинин 7ге жакын кызматкери Кыргыз Республикасынын ретранслятор теле чокусунун аймагына МИ-8 вертолетунан түштү”,-деп айтылат билдирүүдө.

Учурда чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде телефон аркылуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

“Мамлекеттик чек арадагы кырдаал КР Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан байкоого алынууда”,-деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынан.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg